Улуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады«Кыргызкөмүр» 2025-жылы боюнча 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөн2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу сот иштери 24%га өстүКыргызстандын бизнеси 2025-жылдын I жарым жылдыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнө 82 млн долларга жакын инвестиция салды
Улукбек Мариповго жаңы кызмат сунушталууда
24.01.2022 | 12:16
Экс-премьер-министр Улукбек Марипов Сауд Арабиядагы элчилик кызматка талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети аны дайындоо маселесин карай турганы күтүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, аталган комитет бүгүн Кыргызстандын Украинадагы жаңы элчисинин талапкерлигин да кароо күн тартибине киргизилген. Бул кызматка Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Идрис Кадыркулов сунушталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат