Кеминде каракчылыкка шектелип 58 жаштагы киши кармалды

Кеминде каракчылыкка шектелип 58 жаштагы киши кармалды

Милицияга 1945-жылы туулган карыя арыз менен кайрылып, Кемин шаарында 21-январь күнү саат 12:40тар чамасында үйүнө белгисиз эки адам кирип, уюлдук телефонун тартып алышканын айткан.

Каракчылар ага күч колдонуп, жаздык менен муунтушкан.

Аталган факты Кемин райондук ички иштер бөлүмүндө «каракчылык» беренеси боюнча каттоого алынган.

«Керектүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Кемин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 58 жаштагы А.Ч. аттуу жаран кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын билдирүүсүндө.

Экинчи шектүүгө карата керектүү ыкчам-издөө чаралары көрүлүүдө.

Тэги: уурулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>