18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Алматыдагы тополоңдо жабыркагандарга акчалай компенсация төлөнө баштады
24.01.2022 | 11:54
Алматыдагы тополоңдо жабыркагандарга акчалай компенсация төлөнө баштады. Анда 603 адам жабырлануучу деп табылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Жабыркагандардын көбү укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Алардын саны 592.
Ошондой эле компенсацияны медициналык мекемелердин алты кызматкери, тез жардам кызматынын бир кызматкери, акимчиликтин 3 кызматкери жана Алматы телеканалынын 1 кызматкери алышат.
Аларга оор жаракаттар үчүн 2 миллион теңге (4,5 миң доллар), орточо оордук үчүн 1 миллион теңге (болжол менен 2,3 миң доллар) жана жеңил жаракаттар үчүн 500 миң теңге (1,1 миң доллар) төлөнөт.
Мындан тышкары, өзгөчө кырдаал учурунда тартылган бир нече миң кишиге 100 миң теңге (230 доллар) өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар