Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайт
Тажикстан менен жаңжал болгон айылдарда электр жарыгы жок
27.01.2022 | 22:44
Тажикстан менен жаңжал болгон аймактагы айылдарда электр энергиясы өчүрүлгөн. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
«Жергиликтүү тургундардын айтымында, Тажикстан Кыргызстан тарапка ок чыгарып, электр зымдарын бузган. Ошол себептен Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Бос, Жаңы-Бак, Таш-Таш Тумшук, Көк-Терек айылдарында электр жарыгы өчүрүлгөн», – деп айтылат маалыматта.
Чек арада абал туруксуз болгондуктан оңдоо иштерин жүргүзүп, электр жарыгын берүү мүмкүн болбой жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом