Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Бишкекте бир жумада 6 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды
01.02.2022 | 12:35
Бир жума ичинде Бишкек шаарында 6431 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 68 айдоочу мас абалында унаа башкарса, 16 унааны тонировка менен, 39 айдоочулук күбөлүгү жок токтотулган, 86 айдоочу унааны каттоо тартибин бузгандыгы үчүн жана 6 миң башка эреже бузуулар менен катталган.
Ошондой эле 208 жөө жүрүүчү жана велосипедчендерге айып пул салынды.
Патрулдук милициянын кызматкерлери жарандардан өздөрүнүн коопсуздугу үчүн жол эрежесин так сактоону суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом