Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Григорьевкада көпүрөдөн Toyota Land Cruiser кулап, бир киши каза болду
04.02.2022 | 12:07
Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылында жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, кырсык бүгүн, 4-февралда саат 7.20да болгон. Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа көпүрөдөн кулап кеткен.
Окуя болгон жерге Ысык-Көл райондук бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, алар 27 жаштагы С.С.нын сөөгүн чыгарышып, Ички иштер министрлигине өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом