УКМК кыргыз-казак чек арасынан баңги курьерлерин кармады

УКМК кыргыз-казак чек арасынан баңги курьерлерин кармады

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу мыйзамсыз баңгизат алып өтүү жолу токтотулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

3-февраль күнү Кыргызстандын жарандары К.К.М. жана А.М.А. кармалган. Кармалгандардын бири К.К.М. мурда баңги затын мыйзамсыз сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Текшерүү учурунда кылмышка шектүүнүн жанынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттар (культивацияланган индиялык кара куурай) бар жалпы салмагы 12 кг жакын 3 даана желим баштык табылган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренесинин негизинде иш козголуп, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>