Улууларга урмат-сый жана камкордук ар бир үй-бүлөдө болушу керек — КР Мамлекеттик катчысыБишкекте жасалма документтерди даярдоого шектелип эки чет өлкөлүк жаран кармалдыАИ-92ге берилген субсидия айдоочуга айына 4,6 миң сомдон ашык үнөмдөөгө мүмкүндүк берет — Экономика министрлигиИИ-агенттер Канаданын өкмөтүнүн сайтына кирүүгө аракет кылышканОш шаарында 1 миң 200 орундуу чоң мектеп курулдуБШК бекиткен президенттик шайлоонун календардык планындагы негизги даталар — чоо-жайы
Сокулукта сабалган ымыркай ооруканага жаткырылды
04.02.2022 | 11:36
3-февраль күнү саат 21:30дар чамасында Сокулук аймактык ооруканага 2020-жылы туулган К.Э. аттуу наристе денесинен алган жаракаттары менен жеткирилген.
Облустун Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай маалымат Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына келип түшкөн.
Аталган факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, текшерүү иштери башталды. Баланын денесине келтирилген жаракаттын бардык жагдайлары аныкталды.
Керектүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом