Салык кызматында 13 кызматкер жумуштан бошотулдуКыргызстан менен Словения ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдөЖаш баланын өлүмүнө себепкер болгон 17 жаштагы айдоочу бир айга камалдыФучик көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылдыЮ. Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылдыКатар өкмөтү Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына кошумча корпус курууга грант бөлдү
Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин фракция лидерлери менен жолугушту
08.02.2022 | 09:51
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин фракция лидерлери жана тармактык комитеттеринин төрагалары менен жолугушту. Бул тууралуу минкабтын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн социалдык саясатынын жана экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу маселелери, Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча пикир алмашуу жүрдү.
Иш-чаранын катышуучулары аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында мындай жолугушууларды ай сайын өткөрүп турууну макулдашышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат