Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Бишкек-Нарын жолу: Жол кырсыктан 22 жаштагы жигит көз жумду
08.02.2022 | 10:18
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 29-чакырымында оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү унаа менен Toyota Prius үлгүсүндөгү жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кырсыктын кесепетинен Toyota Prius үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2000-ж.т. Н.А. аттуу эркек киши каза болуп, 2 эркек (1997-ж.т И.Х. жана Л.А.) жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон эркектин сөөгү унаадан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Ысык-Ата райондук ооруканагажеткирилген.





Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар