АР: Йемендик хуситтер Израилге каршы чабуулдарын кайра жандантатТегерандан Исфаханга чейин: АКШ жана Израиль кайсы объекттерди жок кылууда жана ирандык «проксилер» эмне менен коркутууда?АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик аракеттерди баштады. Иран жооп кайтаруудаКыргызстандык балбан кыздар Албаниядагы рейтингдик турнирде күмүш жана коло медаль утуштуБишкекте 18 жаштагы кыз 10-кабаттан боюн таштап каза болдуАКШда дагы бир кыргызстандык жаран кармалды
Бишкек шаарынын 2022-жылга карата бюджети бекитилди
10.02.2022 | 17:46
Бишкек шаарынын 2022-жылга карата киреше жана чыгаша бюджети 11 млрд 690 млн 16,7 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаарынын 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга божомолдоо жөнүндө” токтомунда айтылат.
Документте аталган каражаттын ичинен төмөнкүлөр белгиленген:
– Шаардык бюджет – 6 млрд 328 млн 802,4 миң сом;
– Ленин районунун бюджети – 1 млрд 409 млн 881,3 миң сом;
– Октябрь райондук бюджети – 1 млрд 343 млн 447,7 миң сом;
– Биринчи май райондук бюджети – 1 млрд 263 миң 854,2 миң сом;
– Свердлов райондук бюджети – 1 млрд 344 млн 31,1 миң сом.
Белгилей кетсек, 2023-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол менен – 11 970 154,7 миң сомду, 2024-жылга- 12 172 106,7 миң сомду түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика