Жапаров: 2-3 жылда жүздөгөн кичи ГЭСтер курулат

Жапаров: 2-3 жылда жүздөгөн кичи ГЭСтер курулат

Биз 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын ишке берүүбүз керек. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн форумда билдирди.

Анын айтуусунда,  жаңы салык кодексине жашыл экономиканы жана жашыл технологияларды колдоо боюнча ченемдер киргизилген. Шамал жана күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер үчүн технологияларды жана жабдууларды жеткирүүдө  кошумча нарк салыгынан  бошотулат. Жер мыйзамдарына ГЭСтерди курууда айыл чарба жана токой чарбачылыгындагы жоготуулардын ордун толтуруудан бошотуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. Энергия натыйжалуулугунун талаптарына жооп берген имараттар жана курулмалар 50% өлчөмүндө мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.

Энергетика министрлиги тарабынан жаңы редакциядагы «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзам долбоору демилгеленип, коомдук талкууга коюлду, ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүдөгү тоскоолдуктарды четтетүүгө мүмкүндүк берет.

Тактап айтканда, кубаттуулук квоталарына, электр энергиясын сатуу боюнча ишмердикти лицензиялоого, сынак өткөрүүгө талаптарды алып салуу сунушталып, кайра жаралуучу энергиянын субъекттери киреше салыгынан бошотулуп, өзүн актоо мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу сунушталууда.

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук реформаны жүргүзүү максатында, Министрлер Кабинетинин жетекчисинин орун басары Азиз Аалиевдин жетекчилиги астында мыйзам базасын инвентаризациялоо боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>