Мөндүр, кургакчылык: Быйыл кант кызылчасынын түшүмү кыйла азАэропортко каттаган экспресс-маршрут эми түнкүсүн да жүрөт«Кыргыз темир жолу» кирешесинин жарымы Макмал темир жолунун курулушуна жумшалатПарламентке шайлоо. Россиянын 31 шаарында тилке ачылат. Элчилик уюштуруу маселелерин карадыСвердлов районунда администрация жана милиция түндө көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдү текшердиБишкек жана Чүйдө газдаштыруу: 66 субъекке жеңилдетилген насыя берилди
БШКнын алдында 2 киши кызматтык унаалардын катализаторун алып жатат
15.02.2022 | 16:24
Прокуратура кызматкерлери көзөмөлгө алсаңыздар, Борбордук шайлоо комиссиянын имаратынын алдында эки жигит шүмшүңдөп жүрөт. Мамлекеттик унаалардын катализаторлорун имаратка кирип чыкканчакты айдоочулардан сатып алууда. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо комитет жыйынында билдирди.
“Унаалар токтогон маалда ачыктан-ачык айдоочуларга “катализаторуңду сатасыңбы”- деп сунуштап жатат. Айдоочулар сатып жиберишүүдө. Аларды көргөн жөнөкөй айдоочулар сатышууда. Ушул абалды жөнөкөй эле анализ кылып чыгууңузду өтүнөм”– деди эл өкүлү.
Ошондой эле депутат Бишкек мэриясынын өкүлдөрүнө, мамлекеттик кызматкерлерге алгач кызматтык унаалардагы катализаторлорун текшерип жүрүүнү жана бардык ишти алгач өзүнөн башташ керектигин сунуштады.