Турук көмүр кени “Кыргыз көмүргө” өтүп калышы мүмкүн

Турук көмүр кени “Кыргыз көмүргө” өтүп калышы мүмкүн

Ушул тапта Турук кенин мамлекеттик “Кыргыз көмүр”ишканасына өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул туурасында Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдирди.

Нарын облусунда жайгашкан Турук көмүр кенинде төрт компания иштейт.  Быйыл төртөө тең иштеген жок. Бир компаниясы Камчыбек Жолдошбаевдики. Анын лицензиясын кайтарып алганбыз. Ушул тапта мамлекеттик “Кыргыз көмүр” ишканасына берүү маселеси каралып жатат. Эки компания аракет кылып көмүр казып жатышат. Быйыл чынында Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондоруна Кара-Кечеден көмүр ташып, кыйын болду. Бул кен “Кыргыз көмүргө” өткөрүп берсек, өзүбүз каза баштайбыз”— деди Ибраев.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов Турук кенинде 4 компания иштөөгө уруксааты болгону менен быйыл кышында казбай коюп, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондору кыйналганын айтып, лицензиясына кайрадан карап чыгууну сунуштады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>