Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери жолугушту

04.11.2019 | 10:41

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов  менен жолугушту.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу Тажикистандын Исфара шаарында болуп , ага эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү да катышты.

Жолугушуунун орчундуу темасы эки мамлекетин чек-арага жакын жайгашкан райондордун коопсуздуктарын камсыз кылуу, экстремизм жана терроризмге каршы биргеликте күрөшүү күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөр талкууланды.

Кыргызстандын  жана Тажикстандын мамлекеттик чек-араларын аныктоо жана тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иш-аракеттери үчүн шарттарды түзүүгө жардам берүү чечими кабыл алынды.

Талкууланып жаткан маселелер боюнча бардык таптардын өз ара макулдашуулар жана бири-бирин түшүүнүлөр болду.

Scroll to Top