Кой-Таш окуясын иликтеген мамкомиссия ишин жыйынтыктады

Кой-Таш окуясын иликтеген мамкомиссия ишин жыйынтыктады

7-8-августта болгон Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктады. Комиссиянын чечими жакынкы күндөрү чыгат. Бул тууралуу Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, аталган комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова билдирди.

Ал иликтөөчү комиссиянын кортундусу Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрүн айтты.

29-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Тиешелүү чечимге премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеп, анын орун басары Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов иш алып барды.

Иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү: Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>