Бишкекте 3 жаштагы бал жол тандабастын алдында калып, каза болду

Бишкекте 3 жаштагы бал жол тандабастын алдында калып, каза болду

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан 3 жашар бала жол тандабастын алдында калып каза болду. Окуя кечээ, 3-ноябрда саат 15.00 чамасында Орозбеков 2 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда катталган. Бул Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анда «Тойота Секвойя үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу арт жагына көз салбай, машинасын артка айдаганда 3 жаштагы баланы байкабай тебелеп кеткен.

«Бала оор жаракат алып, ооруканадан каза болгон. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Айдоочу Бишкек шаарындагы Абай көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашайт. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда», — деп маалымдашты басма сөз кызматынан.

Учурда унаа айып аянтчасына токтотулду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга кайрылып, үйлөрдүн короосуна унааны токтотууда же айдап жатканда өспүрүмдөргө көңүл бурууга чакырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>