Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
Свердлов округунан добуш сатып алууга шектүү кармалды
27.02.2022 | 10:00
26-февраль күнү Бишкек шаарынын Свердлов шайоо округунан талапкерлердин биринин тарапташтары добуш сатып алууга шектелип кармалды . Бул туурасында Бишкек шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, маалымат келип түшөөр замат милиция фактыны аныктоо иш-аракеттерин жүргүзгөн. Ал учурда Б.Б. аттуу жаран Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин биринин пайдасына добуш берүү үчүн үгүт жүргүзүп жана добуш сатып алууга аракет жасаган. Жанынан 50 шайлоочунун тизмеси табылган.
Чогулган материал БШКга жана Свердлов райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат