Токмок: Аялды ур-токмокко алган киши табылды

Токмок: Аялды ур-токмокко алган киши табылды

Токмок шаарында аялдын денесине оор залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.

2021-жылдын 1-июнунда Токмок шаарынын милицияга аймактык оорукандан телефон чалуу болуп, алкоголдук ичимдик ичкен аял дене жаракаттары менен ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аялдын өздүгү аныкталып, ал Н.Ж. аттуу жаран экендиги такталып, анын ден соолугуна байланыштуу суроого мүмкүн болгон эмес.

Аталган факты Токмок шаардык милиция тарабынан катталып,  териштирүү иштери башталган.
<span;>Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кийин комиссиялык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгынын негизинде буга чейин катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) квалификацияланган.
<span;>Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 2022-жылдын 25-февраль күнү жабырлануучу менен буга чейин жашап жүргөн 1986-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалган. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгону маалым болгон.
<span;>

Териштирүү учурунда алар ичимдик ичип отурушуп, пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, аялдын денеси залал келтирилгени маалым болгон.
<span;>

Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>