Мета соцтармактарындагы орусиялык пропаганда аккаунттары менен күрөшүүгө өттү

Мета соцтармактарындагы орусиялык пропаганда аккаунттары менен күрөшүүгө өттү

Мета социалдык тармактарындагы орусиялык пропаганда аккаунттары менен күрөшүүгө өттү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Анда  аккаунттар менен кантип күрөшөөрү жазылган:

Биз атайын операция борборун түздүк. Анда компаниянын ар кайсы аймактардан келген орус жана украин тилдүү эксперттер бар. Алар платформаны күнү-түнү көзөмөлдөп турушат. Бул бизге көйгөйлөргө реалдуу убакытта жооп берүүгө мүмкүндүк берет.

Биз Украинада бир нече коопсуздук функцияларын коштук. Анын ичинде Facebook профилин бөгөттөө, достордун тизмелерин көрүү жана издөө мүмкүнчүлүгүнөн жана Messengerдеги кошумча куралдардан ажыратуу.

Биз орус жана украин тилдеринде үчүнчү тараптын фактчекингинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу жалган маалыматтын жайылышына каршы чоң кадамдарды жасап жатабыз. Ошондой эле мамлекет көзөмөлдөгөн маалымат каражаттарынын ачыктыгын камсыз кылып, Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын жарнамасына тыюу салып, алардын аккаунттарын демонетизациялоодобуз.

 

Тэги: Meta

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>