28-февраль күнү Чүй облусунун Аламүдүн милициясына кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.
Алынган маалыматка караганда, тергөө тобу дароо чыгып кетишкен. Милиция кызматкерлери барганда Кайырма жана Ленин айылдарынын ортосунан белгисиз жигиттин сөөгү табылган. Денени кароо учурунда эч кандай жаракат табылган эмес.
Бул факт маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Андан ары иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан адамдын сөөгүнүн өздүгү такталып, ал дайынсыз жоголгон 2004-жылы туулган Павел Тигай болуп чыкты. Буга чейин “18-февраль күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес”- деп Л.Э атуу жаран небересин табууга жардам сурап Аламүдүн районунун ички иштер органдарына кайрылган.
Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.