Садыр Жапаров АКШнын Юта штатынын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташтыкты талкууладыЭксперт: Бишкек ШКУ өлкөлөрү үчүн бейтарап каржы аянтчасына айланууга кудуреттүүКМТУда тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары лабораториясы ачылды20-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйтКыргызстандын реалдуу секторундагы ишканалардын кирешеси 1,7 эсеге өстүЖапонияда XX Азия оюндары башталууда
Кыргызстанда аткаминерлерге бюджеттин эсебинен кызматтык унаа сатып алууга тыюу салынды
01.03.2022 | 09:50
Үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тарта Кыргызстанда министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызматтык унааларды сатып алууга, бюджеттик каражаттардын эсебинен административдик имараттарды жана кызматтык жайларды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө тыюу салынган.
Мындай чечим Кыргызстандын президентинин республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынды.
Документ 2021-жылдын 2-декабрында кабыл алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика