Украинадан 107 кыргызстандык Венгрияга чыгып кетти

Украинадан 107 кыргызстандык Венгрияга чыгып кетти

28-февраль күнү Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө (Киев убактысы боюнча 13:00) Кыргызстандын 107 жаранынан (68 чоң адам, 5 студент, 34 жашы жете элек) турган биринчи эвакуациялык колонна Киев шаарынан Украина менен Венгриянын чек арасына автобус менен жөнөп кетти. Бул чыгуу Кыргызстандын  Украинадагы элчилиги тарабынан ишке ашты. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Украина-Венгрия чек арасынан өтүү маселеси Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Элчиликтин кызматкерлери Венгрия-Украина чек арасында жарандарды тосуп алып, керектүү жардамдарды көрсөтүшөт.

2022-жылдын 28-февралына карата Украинадан чыгып кеткен кыргыз жарандардын ичинен 12 Польшада, 16 жаран Молдовада, 6 жаран Румынияда.

Кыргызстандагы  Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын эскертет.

Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, ошондой эле Элчиликтин «WhatsApp» тобу;

Украинада аба байланыш боюнча чек араларынын жабылган,  өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизилген,  Украинанын аймагынан чыгууну каалаган кыргыз жарандарын эвакуациялоо иштерин улантууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>