Парламент комитети Акыйкатчылыкка 4 талапкерди жактырды

01.03.2022 | 11:54

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети Акыйкатчылыкка үч талапкерди жактырды.

“Ынтымак” фракциясы Турсунбек Акунду көрсөткөн, ал эми  “Ыйман Нуру” фракциясы Атыр Абдырахматова, Маматурайим Момунов, Бакытбек Усенбаевдарды көрсөткөн.

Буга чейин 4 фракция Акыйкатчылыкка Атыр Абдырахматованын талапкерлигин жактырган болчу. Эми Жогорку Кеңеш жалпы жыйында талапкерлигин карап, бирөөнү тандап алат.

Scroll to Top