Новопокровкадагы көрүстөндөн темир тосмолорду уурдап жаткан эки адам кармалды

01.03.2022 | 13:15

Новопокровка айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери айылдагы көрүстөндөн эки ууруну кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Шектүүлөр 28-февралда мүрзөлөрдүн темир тосмолорун уурдоо аракети учурунда кармалган. Андан соң милицияга 47 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, ал чоң атасынын мүрзөсүндөгү тосмолор уурдалганын айткан», – деп билдирди милициядан.

Кармалгандардын бири 34 жашта, экинчиси 42 жашта. Тергөөдө экөөнүн тең ушул сыяктуу төрт кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Scroll to Top