Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Эрназар Акматалиев күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты
01.03.2022 | 16:20
Кыргызстандык эркин күрөш боюнча спортчу Эрназар Акматалиев UWW Эл аралык күрөш федерациясынын версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи.
Жаңыланган рейтинг Түркиядагы биринчи Ranking Series турниринин жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Стамбулда өткөн Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турниринде Акматалиев 70 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалга чыкты.
Эми Акматалиевдин эсебинде 45520 упай бар, бул дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди.
Буга чейинки рейтингде Акматалиев экинчи орунда болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт