Мирлан Самыйкожо мыйзам долбоорундагы күлкүлүү жагдайга токтолду

Мирлан Самыйкожо мыйзам долбоорундагы күлкүлүү жагдайга токтолду

“Күмөндөр”- деген талантыбыз, куудулубуздай эле болуп кетип жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Экономика министрлигинин мыйзам долбоорундагы сөз айкалыштарындагы мүчүлүштүктөрүн комитет жыйынында атап берди.

“Ушул жерге сөз айкалыштарын деле туура жазып койгулачы. Ушундан улам түшүнбөстүктөр келип жатат. Мына мен окуп берейин: Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан 2021-жылдын 29-январында №3 менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду коргоо жөнүндөгү жарлыгы жана 2021-жылдын 4-мартында №61 ишкер субьектерди коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө жарлыктар чыккан.  Бул жарлыктар менен укук коргоо жана фискалдык  контролдоочуу органдардын ишкер субьектердин ишине негизсиз кийлигишүүсүн токтотуу милдети коюлган”- деп жатат да. Бул президенттин жарлыгы, туурабы? Эми ушуга байланыштуу “Күмөндөр”- деген талантыбыз, куудулубуздай эле болуп кетип атат, мына бул жазганыбыз. Ушуга байланыштуу ишкердик субьектилерге текшерүү жүргүзүүгө укуктуу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдарынын колдонуудагы тизмесин жаңылоо зарылчылыгы келип чыкты дейт да. Эми бул жерде президенттин жарлыгы чыгып жатса, жаңылоо каяктан келип чыгат? Ушул сыяктуу сөздөрдү, муну мүмкүн орусчадан которуп жатканда абайлап которуп чыксаңар. Балээнин баары ушул жерлерден чыгат да”— деди депутат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>