Нооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайт
Садыр Жапаров: Улуттук банкта алтынга кезек күткөндөр көбөйдү
01.03.2022 | 17:45
Президент Садыр Жапаров кечээки кайрылууларынан соң Улуттук Банкта алтын алуу үчүн кезек күткөндөр көбөйгөнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу айтты.
“Мен кечээ кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, акчасы барларга (бизде, Кудайга шүгүр, чет өлкөлүк банктарда же үйлөрүндө акчасын сактаган жарандарыбыз көп) акчаңарды алтын менен сактагыла, жүздөгөн жылдар бою алтын өз кунун жоготпойт дедим эле. Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө, алтын менен сактасаңыздар, жүз жылдан кийин болсо дагы күйбөйсүздөр. Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюушу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт” – деген өлкө башчысы.
https://reporter.kg/prezident-kyrgyzstandyktardy-uluttuk-banktan-altyn-satyp-aluuga-chakyrdy/
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика