Казакстандагы «Нур Отан» партиясынын аты «Аманат» деп өзгөртүлөт

Казакстандагы «Нур Отан» партиясынын аты «Аманат» деп өзгөртүлөт

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын (Мажилис) төрагасы Ерлан Кошанов бийликтин «Нур Отан» партиясынын аталышын «Аманат» деп өзгөртүүнү сунуштады. Сунуш партиянын кезексиз курултайында талкууланып, аны өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев колдоду.

«Биздин партия өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн борборунда турат. Ачык айтканда өлкө менен бирге партиянын жаңылануусу да талап кылынат. Анын ишмердүүлүгүнө жаңы маани берүү үчүн тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Мындан улам партиянын табиятын жана аталышын өзгөртүү туура болот. Биз Казакстандын башкаруучу партиясы «Аманат» деген аталышты алып жүрүшү керек деп эсептейбиз. Бул маселени бүгүнкү курултайда чечүүнү сунуштайм», — деди Кошанов.

Өз кезегинде Токаев «Аманат» – казак элинин тарыхы менен маданиятында өзгөчө символго ээ болгон терең түшүнүк» экенин белгиледи.

«Нур Отан» партиясы 1999-жылы өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түптөлгөн. Алгач «Отан» деп аталган партияны январдын аягына чейин Назарбаев жетектеп келген. 2022-жылы 28-январда «Нур Отандын» төрагалыгына азыркы президент Касым-Жомарт Токаев шайланган. Партиянын саясий кеңешинин жаңы курамына Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаев да кирбей калган.

Февралдын башында «Нур Отандын» биринчи төрага орун басары кызматынан Бауржан Байбек өз каалоосу менен кеткен. Анда ал «партиянын алдына жаңы көз караштарды жана мамилени талап кылган жаңы милдеттер коюлганын» айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>