Тажик тараптын суроосу боюнча Москвадан кыргыз жараны кармалды

Тажик тараптын суроосу боюнча Москвадан кыргыз жараны кармалды

Орусиянын Москва калаасында Тажикстандын суроо-талабы боюнча Замирбек Досматов аттуу кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда,  23-февралда Тажикстандын кайрылуусу менен Москва шаарынын полициясы тарабынан Кыргыз жараны Замирбек Досматов кармалган. 25-февралда элчиликтин кызматкери милиция бөлүмүнө барган, анын жүрүшүндө анын кармалгандыгы тууралуу факты аныкталды.

Бар болгон маалыматтарга ылайык, кыргыз жараны Тажикстан Республикасынын кайрылуусунда көрсөтүлгөн окуялар учурунда Орусия Федерациясынын аймагында болгон. Кыргыз жараны Замирбек Досматовго карата козголгон кылмыш ишинин бурмаланганын, ошондой эле ага кылмыш жасаган деген айыптын негизсиздигин жана мыйзамсыздыгын тастыктай турган документалдуу ырастоо күтүлүүдө.

Элчилик тарабынан жогорудагы маселе боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Досматовдун бир тууганы кайрылып, инисинин күнөөсү жок экендигин айтып, бийликтен жардам сураган Тажикстан тарап Замирбек Досматовго 2019-жылы болгон чек ара чырында катыштыгы бар деп издөө жарыялаган. Бирок иниси 2017-жылдан бери Москвада экендигин билдирген. Алар Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургундары.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>