Шайлоо алдында мыйзамсыз акча чогулткандар жоопкерчиликке тартылат – БШККыргызстанда жайыт жерлерди пайдалануу ченемине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүнОкуу жайлардагы зомбулуктун алдын алууга багытталган улуттук изилдөө жүргүзүлүүдөЕгипетте Газадагы согушту токтотуу боюнча эл аралык саммит өтүүдөБишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатBishkek Travel Fest: этникалык кийимдер, жандуу музыка жана позитивдүү энергия
Бардык маморгандардын маалыматтары санариптештирилет
04.03.2022 | 13:18
2022-жылдын күзүндө Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдарынын маалыматтарын санариптештирүү башталат. Бул тууралуу маалымат жыйынында «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, маалыматтарды санариптештирүү борборун түзүү пландалууда. Азыр көптөгөн мамлекеттик органдар маалыматтарды санариптештирүүнү аягына чыгара элек, ошондуктан мамлекеттик кызматты онлайн форматта алуу мүмкүн эмес. Быйыл маалыматтарды санариптештирүү борборун ачууну пландалууда. Масштабдуу иштер күзүндө башталып, 2023-жылдын жай айларында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр пилоттук режимде онлайн режиминде көрсөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат