КРда медициналык буюмдарды каттоо 10 күнгө чейин тездейтӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулат
Доллардын курсу 100 сомго жакындады
04.03.2022 | 13:27
Кыргызстанда жарым күндө доллар дагы 50 тыйынга кымбаттады. Азыр борбор калаадагы коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайлары АКШ доллары 96,5-97 сомдон сатып алып, 98,45-98,5 сомдон сатууда. Расмий курс Улуттук банк тарабынан 96,6636 сом деп белгиленген.
Орус рублинин курсу ошол эле бойдон калууда. Азыр 0,7-0,85 сомдон сатып алып, 1,07-1,1 сомдон сатып жатышат. Номиналдуу курс 0,8649 сомду түзөт.
Белгилей кетсек, акыркы жумада Кыргызстанда доллар 13 сомго, же 14,2 пайызга кымбаттады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика