Министрлик: Кыргызстанда тогуз айда 23 эне өлүмү катталдыКыргызстандын чакан ГЭСтерине инвестиция тартуунун жолдору Бишкекте талкууландыКомпозитор, обончу Турганбай Молдогазиев 86 жашында дүйнө салдыКРда медициналык буюмдарды каттоо 10 күнгө чейин тездейтӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видео
Бардык маморгандардын маалыматтары санариптештирилет
04.03.2022 | 13:18
2022-жылдын күзүндө Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдарынын маалыматтарын санариптештирүү башталат. Бул тууралуу маалымат жыйынында «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, маалыматтарды санариптештирүү борборун түзүү пландалууда. Азыр көптөгөн мамлекеттик органдар маалыматтарды санариптештирүүнү аягына чыгара элек, ошондуктан мамлекеттик кызматты онлайн форматта алуу мүмкүн эмес. Быйыл маалыматтарды санариптештирүү борборун ачууну пландалууда. Масштабдуу иштер күзүндө башталып, 2023-жылдын жай айларында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр пилоттук режимде онлайн режиминде көрсөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат