Орусиялык олигарх Михаил Уотфорд асынып алды

Орусиялык олигарх Михаил Уотфорд асынып алды

Украинада туулган 66 жаштагы орусиялык олигарх Михаил Уотфорддун сөөгү Улуу Британияда табылды. Бул тууралуу Daily Mail жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Михаил Уотфорд мунай жана газ өндүрүү тармагында ишкерлик кылган. 2000-жылдардын башында ал Улуу Британияга көчүп барфп, жарандыгын алып өз ысымынан бери өзгөркөн. Ал жактан  кыймылсыз мүлк менен алектенген. Анын чын аты Михаил Толстошея.

Үй-бүлөлүк  досу Михаилдин  ден-соолугуна Украинадагы кырдаал таасир этиши мүмкүн экенин божомолдоду.

Көптөгөн маалымат каражаттары магнат расмий Лондон орус олигархтарынын санкциялык тизмесин жарыялагандан көп өтпөй каза болгонун, бирок Уотфорд бул тизмеде жок экенин белгилешти.

Майкл Уотфорд Суррейдеги Wentworth турак-жайында жашачу. Ал үйдү бир нече жыл мурун 18 миллион фунтка сатып алган. Үйгө баруучу жолдун баасы 56,000 евродон ашты. Уотфорд  «мен кемчиликсиздикти каалайм»- деп көпчүлүк маегинде айтып келген.

Уотфорддун артында Эстонияда таанышкан Джейн атуу жубай, андан эки баласы, ал эми биринчи никесинен улуу баласы калды. Алар менен маркумдун апасы да жашайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>