Токтогазиев: Айыл-чарба министри Жаныбековго иш козголушу керек

Токтогазиев: Айыл-чарба министри Жаныбековго иш козголушу керек

Айыл-чарба багыты боюнча чыгарылган 309-токтомду мыйзамсыз чыгарганы үчүн Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков менен Министрлер кабинетинин тиешелүү кызматкерлери кылмыш жообуна тартылышы керек. Мындай сунушту Айыл-чарба министрлигинин мурдагы башчысы Тилек Токтогазиев  парламентте берди.

Дыйкандар тараптан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Башкы прокуратура Курманкул Зулушевге кат жөнөтүлгөн. 309-токтомдо одоно мыйзамдарды бузушкканы үчүн Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков жана Министрлер кабинетинин тиешелүү кызматкерлери Кылмыш жаза кодексинин 336 – 337- 338- беренелери менен жоопко тартылышы керек.  Бул топ 309-токтомду чыгаруу менен одоно мыйзамдарды бузушту. Токтомду мыйзамдан өйдө коёбуз деген аракетке барып жатышат. Мындай дүйнөдө болгон эмес. Кантип токтом мыйзамдардан, кодекстерден өйдө болсун?  Ошол себептен аларга кылмыш иштери козголушу керек”— деди.

Министрлер кабинетинин 309-токтому 2021-жылдын декабрь айында чыккан. Анда айыл-чарба жана үрөнчүлүк кооперативдерге муниципалдык жерлерди берүү жагы каралган. Нааразы тарап бул жакта теңсиздик жаралып жатат дешүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>