Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Токтоп турган унааны сүзө качкан айдоочу кармалды (ВИДЕО)
05.03.2022 | 10:00
Бишкекте токтоп турган унааны арты менен сүзүп, андан ары качып кеткен айдоочуну тапты. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, социалдык тармактарда унаа токтотуучу жайлардын биринен белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен артка айдап жатып, ак түстөгү токтоп турган авто унааны сүзүп, окуя болгон жерден кетип калгандыгы тууралуу видео тасма тараган. Бул маалымат чыгаар замат Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери “Audi” үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусун таап, авто унааны убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотуп, айдоочусуна карата жол кырсыгын жаранткандыгы жана жол кырсыгын жаратып, андан ары качып кеткендиги үчүн тийиштүү протоколдор толтурулууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар