Сөз эркиндигине басым болууда! Журналисттер бийликке кайрылды

Сөз эркиндигине басым болууда! Журналисттер бийликке кайрылды

Кыргызстандын медиа тармагынын жана жарандык коомчулугунун билдирүүсү.

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарын жана журналисттерди атайылап куугунтуктоо уланууда!

3-мартта Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев кармалып, УКМКнын тергөө изоляторуна камалды. Next TV көз карандысыз телеканалынын иши токтотулду!
УКМК Next TV телеканалынын директоруна Фейсбуктагы жана Телеграмдагы ЦИТАТА үчүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде каралган «Расалык, этникалык, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» боюнча кылмыш ишин козгоду!

Көз карандысыз телеканалдын болгон күнөөсү – анын аккаунтунда журналисттер мурдагы казак аткаминеринин Украинадагы аскердик операцияларга байланыштуу окуялар боюнча билдирүүсүн келтиришкен. Кыргыз Республикасынын атайын кызматтары экспертизанын корутундусуна таянып, тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат.
Next TV телеканалынын редакциясына мөөр басып жабылып, жабдыктары конфискацияланып, журналисттердин иши мажбурлоо менен токтотулган.
Next TV телеканалына болгон чабуулду Кыргызстандагы сөз эркиндигин басуу аракетинин уландысы катары баалайбыз! Temirov Life, Kaktus Media, Next TV медиаларынын журналисттери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылып жаткан күч түзүмдөрүнүн болуп көрбөгөндөй кысымына кабылышты.

Медиа коомчулук, жарандык коом, Кыргызстандын жарандары мындай аракеттерге жол берилбестигин билдиришүүдө. Алар бийликти тоталитардык режимдердин баш көтөртпөй жазалоочу тажрыйбасын, эркин басма сөзгө жана айрым журналисттерге карата коркутуу жана кысым көрсөтүү максатында колдонбоого чакырышат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана журналисттердин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы, бир катар мыйзамдар, анын ичинде “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жана “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамдар менен кепилденген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында мындай деп айтылат:
— жалпыга маалымдоо каражаттары эркин, аларга маалымат алуу жана таратуу укугу, өз оюн эркин билдирүү укугу кепилденет (10-берене);
— Ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык чыгымдын жана моралдык зыяндын ордун сот тартибинде толтуруп берүү үчүн негиз болот (57-берене);
«Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы төмөнкүлөргө кепилдик берет:
— журналисттин кесиптик укуктары, ар-намысы жана кадыр-баркы мыйзам тарабынан корголот (8-берене);
— журналист кесиптик милдеттерин аткарууда адамдын кол тийбестигинин кепилдигинен пайдаланат (8-берене);
— мамлекет кесиптик иштерин аткарып жатканда журналисттерди коргоону камсыз кылат (8-берене);
— журналисттин кесиптик ишине кийлигишүүгө, андан кесиптик милдеттерин аткарууда алынган ар кандай маалыматтарды талап кылууга тыюу салынат (8-берене);
— журналист журналисттик иликтөө жүргүзүүгө укуктуу (9-берене);
— журналист өзүнүн кесиптик иликтөөсүнүн натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтууга, аларды мамлекеттик органдарга, жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук бирикмелерге, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана кызмат адамдарына ыктыярдуу түрдө берүүгө укуктуу (9-берене);
— журналисттен журналисттик иликтөөнүн жүрүшүндө алынган материалдарды жана документтерди алып коюу же текшерүү сот тартибинде гана жүргүзүлөт (9-берене).
“Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык буларга төмөнкүдөй жоопкерчилик каралган:
— журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу;
— журналистке кысым көрсөтүү, анын кесиптик ишине кийлигишүү;
— журналисттин материалдарын жана зарыл техникалык каражаттарын мыйзамсыз алып коюу;
— журналисттин кесиптик ишмердигин ишке ашырууда анын укуктарын бузуу, ар-намысына жана беделине шек келтирүү, коркутуу, зомбулук көрсөтүү жана журналисттин өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу коомго жана мамлекетке маалымат жеткирүү боюнча кесиптик милдетин так аткарып жаткан ЖМКларга жана журналисттерге кылмыш ишин козгоонун ыплас көрүнүштөрүн токтотууга чакырабыз! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган буйруктарды берген жана аткарган укук коргоо органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери жоопкерчиликке тартылсын!

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>