Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
Орусиядан сатылып алынган үрөндөр Жалал-Абаддагы дыйкандарга таратылууда
07.03.2022 | 11:23
Чүй облусундагы Кант станциясына Орусиядан сатылып алынган элита репродукциясындагы жаздык буудайдын “дарья”, биринчи репродукциядагы буурчактын “джекпот” сорту жана “докота” аталышындагы беденин үрөндөрү келип түштү. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен маалым болду.
Ал эми жаздык буудайдын 50 тоннасы республиканын түштүк региондоруна жиберилди. Азыркы учурда буудайдын үрөнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Сузак райондорунда таратылууда.
Министрлик дандын тазалыгына, өнүмдүүлүгүнө толук анализ кылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика