Кечээ, 6-мартта Балыкчыда ээн имараттан баштыкка салынган ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Reporter.kg’ге тастыктады.
Маалыматка ылайык, учурда ымыркайдын энеси изделүүдө. Анын сөөгү баштыкка салынган тейден жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Алар милиция кызматкерлерине кабар беришкен.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.