Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Акылбек Жапаров Акыйкатчы менен кездешти
08.03.2022 | 17:50
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргызстандын Акыйкатчысы болуп шайланган Атыр Абдрахматованы кабыл алып, жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров Акыйкатчы мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун, адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн, Өкмөт кызматкерлерине болгон жарандардын дооматтарын карап чыгуучу институт экенине токтолуп, ушундай жоопкерчиликтүү кызматка биринчи жолу аял киши шайланып келгенин айтып, бул тармакта жакшы жылыштар болоруна ишене турганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат