Таштандыга байланган Чынара Исаеванын тагдыры  (ВИДЕО)

Таштандыга байланган Чынара Исаеванын тагдыры  (ВИДЕО)

Чынара Исаеванын төрт баласы бар. Кичүү кызы шал илдети менен жабыркайт. Ал кызын күйөөсү «балдар үйүнө таштап сал» — деген, бирок, эне андан баш тарткан. Азыр ал таштанды таштоочу жайда жашайт.

Reporter.kg менен болгон маегинде ал алгач Ош облусунан төрт баласы менен Сокулукка келип, күнөсканада иштеген. Андан соң Ак-Босого конушуна көчүп келип, мектептин ашканасында ашпозчунун жардамчысы болгон. Тапкан кирешесинин жарымы ижарага алынган турак-жайга берилиши керек болчу.

Бир жолу кайрымдуулар ага таштанды таштоочу жайдын жанынан документтери жок үй сунушташкан. Чынара ушундай белек алганына сүйүнгөн. Анткени, азыр ал ижарага кеткен акчага балдарына кийим-кече сатып алат.

Үй-бүлө бул жерде беш жылдан бери жашайт.

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун ыктыярчылары анын атына реквизиттерди ачып берген, каалоочулар үй-бүлөгө жардам берсе болот:

Элсом KICB 0508067694

Толугу менен видеодон көрүңүз:

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>