«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Кочкор районунда 10 айыл таза сууга муктаж
10.03.2022 | 14:35
Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Таалайбек кызы таза суу маселесин көтөрдү.
Эл өкүлү Кочкор районунда 10 айыл таза суусуз экенин билдирди.
“Кочкор районунда таза суу менен камсыз кылуу боюнча АРИСтин долбооруна 2022-жылдын планына төрт айыл гана киргизилип, сууга муктаж калган 10 айыл камтылбай калган. Тагыраагы, 11 миңден ашуун калк таза суусуз өмүр кечирүүдө. Андыктан Министрлер кабинети аталган маселени чечүүнү колго алып, керектүү каражатты бөлүп берүүсү кажет”, – деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом