Кыргызстанда эки жумага жете тургандай күйүүчү май калды

Кыргызстанда эки жумага жете тургандай күйүүчү май калды

Күйүүчү майдын кору бир айга жетпегендей эле калды. Бул туурасында Нефтрейдерлер Ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов Жогорку Кеңеште өкмөттүн антикризисттик программасын талкулоо маалында билдирди.

Күйүүчү майдын бир айга жетпеген кору бар. 2 жумага гана жете тургандай күйүүчү май калды. Орусиядан чоң компаниялардан ала албай жатабыз. Ал эми кичи компаниялардан алынган күйүүчү майлар жолдо ташылып келе жатат. Контракттар түзүлгөн”— деди Эшатов.

Ал эми Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков болсо күйүүчү майдын кору бир айга жетээрин белгиледи.

Өткөндө 14 күндүк кору бар эле. Бир айга бензин, 2 айга дизелдик күйүүчү майдын кору бар. Мында бир гана маселе баада болуп жатат. Эгерде күйүүчү майлардын баасы кескин өсүп кете турган болсо, токтом долбоору даяр. Бирок, кырдаал андай эмес. Талдоо жүрүп, Орусия, Казакстан тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”— деди Тайлаков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>