Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Чүй: Каналдан бир кишинин сөөгү табылды
16.03.2022 | 09:26
Токмок шаарынын Зеленая менен З.Космодемьянская көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналда белгисиз кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жерине 5 куткаруучу тартылып, болжол менен 50-55 жаштардагы эркек кишинин сөөгү экени аныкталган. Куткаруучулар жарандын сөөгүн суудан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда каза болгон жарандын өздүгүн тактоо жана териштирүү иштерин укук коргоо кызматкерлери жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар