Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болду
Чүй: Каналдан бир кишинин сөөгү табылды
16.03.2022 | 09:26
Токмок шаарынын Зеленая менен З.Космодемьянская көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналда белгисиз кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жерине 5 куткаруучу тартылып, болжол менен 50-55 жаштардагы эркек кишинин сөөгү экени аныкталган. Куткаруучулар жарандын сөөгүн суудан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда каза болгон жарандын өздүгүн тактоо жана териштирүү иштерин укук коргоо кызматкерлери жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар