Дастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдөКыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилетӨзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндү
Орусияда инстаграмдын аналогу пайда болот
16.03.2022 | 15:26
Россиянын өзүнүн “Россграм” социалдык тармагы болот. Бул тууралуу “Орда” басылмасы билдирди.
Иштеп чыгуучулар тиркемени мурда өлкөдө бөгөттөлгөн Instagramдын орусиялык аналогу деп аташкан.
Социалдык тармак, анын жаратуучулары убада кылгандай, Android жана iOS үчүн популярдуу тиркеменин тааныш функцияларын кайталайт.
«Россграм” ошондой эле колдонуучулар үчүн кошумча акча табуу инструменттерине ээ болот — контентке акы төлөнүүчү мүмкүнчүлүк, каражат чогултуу функциясы (краудфандинг), реферал программасы жана башкалар. Азыр сизде өзгөчө артыкчылыктарга ээ болгон биринчи колдонуучулар болуу мүмкүнчүлүгү бар. Алгач кирүү мыкты блоггерлер жана өнөктөштөр (демөөрчүлөр жана инвесторлор) үчүн ачык болот», – деп айтылат “Россграм” сайтында.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар