Эрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйтКыргызстандын тигүү ишканалары төрт банк аркылуу жеңилдетилген насыяларды ала алышатЕБ башпаанек берүү эрежелерин катаалдатууда: мигранттар үчүнчү өлкөлөргө депортацияланат
Шашылыш билдирүү: Кайсы аймактарга кар көчкү түшүшү мүмкүн?
23.03.2022 | 12:45
23-24-март күндөрү Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, коркунучу жогору болот. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, 23-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору болот.
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
- 198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымында (Өтмөк ашуусу),
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101 чакырымында (Чапчыма ашуусу),
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымында,
- Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107 чакырымында,
- Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымында (Талдык ашуусу),
- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 136-137 чакырымында (Батман-Көл айылы), 147-150 чакырымында (Кара-Тейит айылы),
- Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымында (Долон ашуусу,
- Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымында (Ийри-Суу тилкеси),
- 60-94 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу),
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымында,
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
- Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар