УКМК: Баңгизаттар сатып жүргөн милициянын отставкадагы полковниги кармалды

УКМК: Баңгизаттар сатып жүргөн милициянын отставкадагы полковниги кармалды

Баңгизаттарды сатуу менен алектенгендердин үстүнөн коргоп жүргөн Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери, милициянын полковниги Р.Ю.М. кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө жалпы салмагы 11,51 кг баңгизатын алып өтүү аракети менен мурда кармалган А.М.А. жана К.К.М. карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, бул кылмыш ишине катыштыгы бар үчүнчү адам, мурда кылмыш болгон жерден качып кеткен Кыргыз Республикасынын жараны О.А.Ы. кармалды.

Ошондой эле, алардын колдоочусу катары кыргыз жараны, милициянын отставкадагы полковниги Р.Ю.М. кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда баңгизаты табылып алынган. Бул жагдай анын баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экенин тастыктады.

Азыркы учурда О.А.Ы. жана Р.Ю.М. Талас облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>