Шашылыш билдирүү: Кайсы аймактарга кар көчкү түшүшү мүмкүн?

Шашылыш билдирүү: Кайсы аймактарга кар көчкү түшүшү мүмкүн?

23-24-март күндөрү  Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, коркунучу жогору болот. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 23-мартка  чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору болот.

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
  • 198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
  • Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымында (Өтмөк ашуусу),
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101 чакырымында (Чапчыма ашуусу),
  • Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымында,
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107 чакырымында,
  • Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымында (Талдык ашуусу),
  • Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 136-137 чакырымында (Батман-Көл айылы), 147-150 чакырымында (Кара-Тейит айылы),
  • Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымында (Долон ашуусу,
  • Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымында (Ийри-Суу тилкеси),
  • 60-94 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу),
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымында,
  • Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
  • Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>