Минкаб эмгек мигранттарына бериле турган квотаны 100 миңге көбөйттүБишкекте орусиялык өндүрүүчүлөрдүн «Орусияда жасалган» масштабдуу бизнес-миссиясы өтөтБишкекте органдарды трансплантациялоо боюнча эл аралык симпозиум өттүШвейцариянын Улуттук банкынын башчысы Бишкекке келди«7 образ — бир тарых»: 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын визуалдык кампаниясы башталды25-майда Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу токтотулат
Токмокто 15 жаштагы Назима изделүүдө
23.03.2022 | 13:06
Токмок РИИБи дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Назима Жакшыбаеваны издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«18-мартта анын чоң энеси милицияга арыз менен кайрылган. Аялдын айтымында, 17-март күнү саат 15.30да небереси үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес», – деп билдиришти ШИИБден.
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көздөрү күрөң, чачы кара, узун. Ал көк түстөгү джинсы шым, кара күрмө жана кроссовка кийип жүргөн.
Изделип жаткан кыз тууралуу билгендер болсо, милиция кызматкерлери Чүй облусунун ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө – 0312430127 жана 0312438885, Токмак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө – 0312607363 жана 0501900065 кабарлап коюуну өтүнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом